Москвада мечиттин курулушуна байланыштуу тургундар нааразы болгону чындык. Бирок маалымат бурмаланып берилген (Фактчекинг)

9-мартта Инстаграмдагы “Turan.lives” баракчасында “Москва шаарында тургундар жаңы мечиттин курулушуна каршы болушту” деген билдирүү жарыяланган. 

Москвада мечиттин курулушуна байланыштуу тургундар нааразы болгону чындык. Бирок маалымат бурмаланып берилген (Фактчекинг)

“Москвада орус нацисттери мечиттин курулушуна каршы чыгышты. Ошол эле нацисттер украиндерди нацисттер деп аташат! Киевде мечиттер Москвага караганда бир топ көп жана Киевде мусулмандардын саны Москвага караганда бир топ аз”, — деп жазылат билдирүүдө. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Мечиттин курулушу жана далилсиз маалымат 

17-февралда социалдык тармактарда Москванын Косино-Ухтомский районунда  60 миң кишиге ылайыкташкан мечит курула турганы тууралуу маалымат тарай баштаган. Кийинчерээк мечит менен кошо медресе жана соода борбору бар бүтүндөй комплекс пайда болорун жазышкан. 

Бул аталган райондун тургундарынын арасында нааразычылыкка жол ачкан. Анткени жаңы мечит курула турган жер жергиликтүү христиандар “Ыйык Көл” деп атап, диний майрамдарда чогула турган жер болгон.

Москвада мечиттин курулушуна байланыштуу тургундар нааразы болгону чындык. Бирок маалымат бурмаланып берилген (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда тараган маалыматтардан кийин жергиликтүү тургундар Telegram’да атайын тайпа түзүп, мечиттин курулушу боюнча талкуу кылышкан. 

5-мартта Косино-Ухтомский районунун 200дөй тургуну нааразычылык акциясына чыгып, эмне үчүн православдар сыйына турган жерге өтө чоң мечит курулуп жатканын сурашкан. “Первый русский” каналынын маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар аталган райондо мусулмандардын саны 60 миңге жетпегендиктен, чоң мечитти борбор калаадан алыс жерде куруунун себебин түшүнүшкөн эмес. 

Белгилей кетсек, Москва шаарынын Косино-Ухтомский районунда 80 миңден ашык адам жашайт. 

Транспорттук түйүн курулат 

stroi.mos.ru сайтынын маалыматына ылайык, Косино-Ухтомский районунда “Дмитриевский көчөсү” аттуу транспорттук түйүн курулат. 

Москвада мечиттин курулушуна байланыштуу тургундар нааразы болгону чындык. Бирок маалымат бурмаланып берилген (Фактчекинг)

Объект боюнча жарыяланган документтердин жерге жайгаштыруу жана аймактын функционалдык-пландоо уюштуруусунда мечит көрсөтүлгөн эмес.

Бул боюнча Орусия Федерациясы Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов Косино-Ухтомское аймагындагы мечиттин курулушу тууралуу маалымат каражаттарынан окуганын айткан.

“60 миң кишилик мечит куруу маселеси талкууланып жатканын интернет тармагынан окудум. Бизде Дин башкармалыгында мындай долбоор боюнча маалымат жок. Биз ал жерге эч нерсе курууну пландаган эмеспиз, айрыкча, мындай ири комплекс жөнүндө кеп болсо, бизде андай мүмкүнчүлүк жок”, — деп билдирген Дамир Мухетдинов. 

Орусиядагы мечиттердин жетишсиздиги 

Орусия Федерациясы Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдиновдин билдирүүсүнө ылайык, Москва шаарында азыркы учурда 5 мечит бар. 

Ошол эле учурда Москвада мусулмандардын саны 3 миллионго жакын. Дамир Мухетдинов бул мечиттер жалпы мусулмандардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетпей турганын билдирген:

“Борбордо көптөгөн татарлар, дагестандыктар, чечендер жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жергиликтүү москвалыктар колдоруна күрөк алып, такси, ресторандарда иштеп баштаса да, жалпысынан мигранттар бизге келбей калса, орусиялык мусулмандарга беш мечит аздык кылат. Бардык адамдар өз динин тутунууга жана намаз окууга укуктуу. Азыр мечиттердин алдындагы аянтчаларда жана коңшу көчөлөрдө дин тутунгандардын көптүгүнө байланыштуу кээде өтүүгө мүмкүн болбой калганын көрүп жатабыз. Айрыкча, каникул учурунда абал кыйындайт. Эгерде борбордо 10, 15 же 20 мечит болсо,  мындай көйгөй болмок эмес”

Буга чейин жасалган бир катар изилдөөлөрдө да Орусияда Ислам динин тутунгандардын бир катар көйгөйлөрү бар экени айтылып келет. 

Жыйынтык: Орусиянын Косино-Ухтомский районунда мечиттин курулушуна байланыштуу нааразычылыктар болгону чындык. Бирок ал жерге мечит курула турганы тууралуу маалымат далилдеген эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты