Москвада контртеррордук операция режими киргизилгендиктен массалык иш-чаралар токтотулду

  • 1 год мурун

Москвада контртеррордук операция режими киргизилди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Москванын мэри Сергей Собянинге таянып жазып чыгышты.

Мэрдин айтымында, буга чейин белгиленген массалык иш-чаралардын бардыгы токтотулду.

Ал шаардын бардык кызматтары толук кандуу иштеп жатат, шаарды айланып өтүү кыйынчылык жаратпай турганын кошумчалады. Мэр москвалыктарга жана шаардын конокторуна болуп жаткан окуяларга түшүнүү менен мамиле кылганына ыраазычылык билдирди.

“Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети тарабынан Евгений Пригожинге кылмыш ишин козголду.

Ал жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты