Москвада Европа аянтынын аталышы Евразия болуп өзгөртүлдү

  • 1 месяц мурун

Орусиянын борбору Москвада Европа аянтынын аталышы Евразия аянты болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу токтомго 24-июлда мэр Сергей Собянин кол койду.

Аталган аянт Киев вокзалынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. «Прайм» басылмасы маалымдагандай, анын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим «Москванын аянтка Евразиянын кеңири географиялык концепциясын чагылдырган жаңы аталыш берүү ниетин чагылдырат».

Европа аянты 2002-жылы Европанын биримдигин чагылдыруучу орус-бельгиялык долбоордун бир бөлүгү катары ачылган. 2023-жылдын март айында ал жерде европалык 48 өлкөнүн мамлекеттик туусу илинип турган. Кийин алардын баары алынып, себеби түшүндүрүлгөн эмес. Ошол эле жерде бельгиялык скульптор Оливье Стребелдин «Европанын уурдалышы» деп аталган эстелиги жайгашкан, ал эми Европа соода борбору 2006-жылы ачылган.

2022-жылы Украинага кол салгандан бери Орусиянын Европа Биримдиги жана АКШ менен мамилеси салкындаган. Батыш орус бийлигин агрессияга айыптоодо, Кремль өзү андай айыптоолорду четке кагып, “атайын аскердик операция” жүргүзүп жатканын айтып келет.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты