Москвада бир катар документтерге кол коюлду

  • 1 неделя мурун

Москва шаарында бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтердин айрымдары булар:

— 2025-жылы Лачин шаарын (Азербайжан Республикасы), 2026-жылы Мегри шаарын (Армения Республикасы), 2027-жылы Молодечно шаарын (Беларусь Республикасы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин 2025-2027-жылдарга дерадикализация жаатында кызматташуу программасы жөнүндө;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын жарандык багыттагы жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин “Эмгек эрдигинин шаары. 1941–1945” ардак наамы жөнүндө ж.б.

7-8-октябрда Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны уюштурулду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты