Москвада 18 жаштагы мекендешин өлтүрүүгө шектелип төрт кыргызстандык кармалды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын Москва шаарында төрт кыргызстандык адам өлтүрүүгө шектелип кармалганын кабарлады.

ИИМдин маалыматына ылайык, ушул жылдын 22-мартында таңкы саат 04:10 чамасында Москвадагы Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн жанында эс-учун жоготкон адамдар жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алар Чүй облусунун Сокулук районунун 2005-жылы туулган тургуну К. уулу А. жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. экени аныкталган.

К. уулу А. окуя болгон жерде каза таап, Х. Р. аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Адам өлтүрүү») менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында шектүү катары Кыргызстандын 2003 жана 2002-жылы туулган төрт жараны кармалган.

Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык тапанча жана бычак табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты