Моргенштерн Бишкектеги музыка фестивалына катышпай турган болду

  • 1 год мурун

Орусиялык рэпер Моргенштерн Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катышпай турган болду. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Уюштуруучулар Алишер Моргенштерндин аталган иш-чарага катышуусуна каршы тараптардан бир жумадан бери коркутуулар келип жатканын жазышты.

«Жакындан бери аткаруучу Алишер Моргенштерндин ырдап чыгуууна каршы болгон активисттердин толкуну нааразычылык акциясын жаратты. Бир жумаден бери бизге күн сайын артисттин жана уюмдун дарегине карата коркуттуулар менен чалуулар жана билдирүүлөр түшүп жатат. Бүгүн нааразычылык толкуну Маданият министрлигине дагы жетип, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Тилекке каршы, бизди Алишерди катыштыруудан баш тартууга мажбур кылышты…«, — деп жазылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Алишер Козуев рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин чара көрүүгө чакырган.

Маданият министри Алтынбек Максүтов депутатка жооп берип, Моргенштернди Бишкектеги концертке катыштырбоо аракети көрүлүп жатканын айткан.

Моргенштерн боюнча иш алып барып жатабыз. Тапшырма бердик. Имараттын (концерт боло турган) жетекчиси менен да сүйлөштүк. Бул боюнча биздин да пикир сиздикиндей эле. Анткени Моргенштернге Орусияда кылмыш иши козголгон экен”, — деген министр.

Бишкекте 23-24-июнь күндөрү Alga Fest музыка фестивалы өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик артисттер катышат. Концерттин биринчи күнүндө орусиялык рэпер Моргенштерн ырдай турганы көрсөтүлгөн. Ал Bishkek Arena имаратында өтөт.

Моргенштерндин толук аты-жөнү Алишер Моргенштерн. Ырчынын Ютуб каналында 12 миллионго жакын катталуучу бар. Ал Украинадагы согушту ачык сындаган. Аны Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агент” тизмесине киргизген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты