“Монголиянын министри убадасын аткара албай калганы үчүн өзүн өрттөдү” деген видео манипуляция (Фактчекинг)

19-февраль күнү Руслан Каралаев аттуу Фейсбук колдонуучусу “Монголиянын коомдук иштер боюнча министри жарандарга арзан баадагы 100 миң үй куруп бере албай калгандыктан өзүн өрттөп жиберди” деген видеону бөлүшкөн. 

Автор видеодогу адамды Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге салыштырган. Ал Атамбаевди мурда берген көптөгөн убадаларын аткарбаганын сындап жазган. 

“Монголиянын министри убадасын аткара албай калганы үчүн өзүн өрттөдү” деген видео манипуляция (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшереип көрдү. 

Видео 2015-жылы чыккан 

Аталган окуя 2015-жылы болуп өткөн. Анда, Монголиянын “Эрдэнэс Таван-Толгой” көмүр казган ишкананын жумушчусу С.Эрдэнэ  маалымат жыйынында өзүн өрттөп жиберген. 

Маалыматка ылайык ал “Эрдэнэс Таван-Толгой” ишканасын жеке менчикке өткөрүү боюнча башкармалыктын чечимине жумушчулардын макул эместигин билдирүү үчүн бул кадамга барган. 

Ал өзүн өрттөөдөн мурда “Монгол өкмөтү биздин компанияны колдобойт. Жумушчулардын үй-бүлөлөрү ачарчылыкта жашап жатышат, ошондуктан балдарым үчүн жана Монголиянын эли үчүн өзүмдү өрттөйм”, — деп билдирген. Андан соң чогулгандар өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан, бирок С.Эрдене катуу жаракат алган. 

“Монголиянын министри убадасын аткара албай калганы үчүн өзүн өрттөдү” деген видео манипуляция (Фактчекинг)

Белгилей кетсек С.Эрдене  “Эрдэнэс Таван-Толгой” ишканасын профсоюз башчысы. Ал эми аталган ишкана Монголиянын түштүгүндөгү Гоби чөлүндөгү көмүр кени. Ал көмүрдүн запасы боюнча дүйнөдөгү эң чоңдордун бири болуп эсептелет.

С.Эрдэне аттуу министр да бар 

Интернет тармагында С. Эрдэнэнин “министр” катары кабыл алынышында да жүйөлүү себептер бар. Анткени, Монголияда Содномзундуин Эрдэнэ (С.Эрдэне) аттуу белгилүү саясатчы бар. 

“Монголиянын министри убадасын аткара албай калганы үчүн өзүн өрттөдү” деген видео манипуляция (Фактчекинг)

Ал эмгек жолунда Монголиянын беделдүү кызматтарын аркалап, 2012-жылдан 2016-жылга чейин Монголиянын  Социалдык өнүктүрүү министри болгон. Мындан сырткары, “Монголия демократиялык партиясынын” негиздөөчүсү болуп саналат. 

Жыйынтык: “Монголиянын коомдук иштер боюнча министри өзүн өрттөдү” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Видеодогу көмүр казган шахтанын профсоюз башчысы. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты