Монголияда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 32 спортчу катышты

  • 12 месяцев мурун

4-августтан 12-августка чейин Монголияда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Азия чемпионаты 14 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки улан-кыздар арасында, ошондой эле чоңдор арасында «стандарт», «блиц» жана «рапид»категорияларында өткөрүлдү.Кыргызстандын атынан жалпысынан 32 спортчу катышты. Алардын ичинен 5 олимпиадалык резервдеги спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары. «Стандарт» категориясында Сейдахматов Байымбет биринчиликти багындырды. Гүлайым Сагыналиева коло медаль тагынды. «Блиц» категориясында Марсель Кудайбердиев жана Эркежан Асанкулова коло медалдарды жеңип алышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты