ММБА: Мамлекеттик ишканалардын активдери 33,4 млрд сомду түздү

  • 11 месяцев мурун

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканалардын активдери 33,4 млрд сомду түздү. Мындай көрсөткүч 2021-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 7,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин отчетунда келтирилген.

Документке ылайык, активдердин басымдуу бөлүгү транспорт жана өнөр жай тармагындагы бир нече мамлекеттик ишканаларда топтолгон.

87 мамлекеттик ишкананын ичинен 40 ишкана 2022-жылды киреше менен аяктады. Мамлекеттик ишканалардын жалпы кирешеси 23,7 млрд сомду, жалпы чыгашасы 21,3 миллиард сомду, жалпы таза кирешеси 2,5 млрд сомду түздү. Жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү төмөнкү ишканаларда топтолгон: «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы, «Манас» ЖМБ, «Инфоком» мамлекеттик ишканасы, Карабалта алкоголдук заводу, «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты