Митинг өткөрүүгө салынган чектөө дагы узартылды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында митингдерди Горький атындагы сейил бактан башка бардык жерде өткөрүүгө тыюу салуу чечими дагы узартылды.

Бул тууралуу Биринчи май районунун администрациясы билдирди.

Билдирүүдө райондук администрация мүмкүн болгон массалык башаламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында тыюу салууну узартууну өтүнүп, сотко кайрылганы айтылат.

Биринчи май райондук соту өтүнүчтү канааттандырып, чектөөнү 2024-жылдын 30-сентябрына чейин узарткан.

Чектөөгө ылайык, өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды кошпогондо, Ала-Тоо аянтында, ага чектеш Линейная көчөсүнөн тартып, Чүй проспектисине чейинки Эркиндик бульварында митинг өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана ага чектеш Панфилов сейил багында, Президенттин администрациясынын алдында, Т.Турсунбаева атындагы аянттын аймагында, Жогорку соттун, Россия Федерациясынын элчилигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин имараттарынын алдында, митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын март айында кабыл алынган.  Андан бери ал тыюу узартылып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты