Мирзиёевдин кызы Өзбекстандын президентинин администрациясында жаңы түзүлгөн сектордун башчысы болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Саида Мирзиёева Өзбекстандын президентинин администрациясында жаңы түзүлгөн сектордун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Тиешелүү буйрукка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жаңыдан түзүлгөн бул сектор коомдук пикирди изилдөө жана маалыматтык саясат үчүн жооптуу болгон Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын системасынын түзүмүнө кирет.

Ошондой эле Саида Мирзиёева социалдык тармактагы, маданият жана билим берүү тармагындагы реформалардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты