Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды
- 7 месяцев мурун
Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына ылайык Мирлан Жекшенов Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.
Муну бөлүшүү