Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

20-21-июнь күндөрү Беларусиянын Минск шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Мындан тышкары жыйында товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасы талкууланат.

21-июнда Минскте Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты