Министрлик мугалимдердин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирди

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь айынан тартып да көбөйгөн боюнча туруктуу сакталарын маалымдады.

«Министрлер кабинетинин чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлык акысы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштады. Ошондой эле төмөнкү базалык ставка белгиленди, буга жараша оклад эсептелет», — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат.

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80 пайызга, административдик башкаруу кызматкерлериники 50 пайызга, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80 пайызга көбөйдү.

11-майда интернеттеги социалдык түйүндөрдө күзүндө мугалимдин айлыгы кайра азайышы мүмкүн, себеби акча иштин көлөмүнө жараша көбөйтүлүп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Министрлик бул маалыматты төгүндөдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты