Министрлик бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салды

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин буйругуна ылайык, билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда 5 жана 7-июль күндөрү өтөт.

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлүшү ыктымал.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 9-июнда болду. Быйыл Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты