Министрлик арашан койлорунун Өзбекстанга экспорту боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандан Өзбекстанга Арашан породасындагы 169 баш асыл тукум кой экспорттолду. Бул маселе коомчулукта талкуу жараткандыктан, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу түшүндүрмө берди.

Анын маалыматына ылайык, асыл тукум малды экспорттоо өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Ар бир экспорттолгон баш мал үчүн мамлекеттик бюджетке 17 миңден 20 миң сомго чейин төлөм түшөт.

Учурда Кыргызстанда товардык багыттагы койлорду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Бул чара ички рынокто эттин баасын туруктуу кармоо максатында кабыл алынган.

Ошол эле учурда Арашан породасындагы асыл тукум койлордун экспорту ички рыноктогу баага таасир этпей турганы белгиленди. 

Министрликтин маалыматына ылайык, бул багыт экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө жана мал чарбачылыгынын баалуулугун жогорулатууга багытталган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты