Министрлик акыркы коңгуроо салтанаты үчүн окуучулардан акча чогултууга тыюу салды
- 2 года мурун
Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроо салтанатын уюштурууга жана өткөрүүгө окуучулар менен ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынарын эскертти.
Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.
«Окуучулар жана ата-энелер акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш», — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.
Быйыл республика боюнча акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда саат 9:00до өтөт.