Министрлер кабинетинин төрагасы Орусиянын «Сколково» фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

  • 2 года мурун

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Заманбап санариптик банк жана экосистема» форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгиледи.

«Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын  мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулата алат жана Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”-деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле министрлер кабинети жалпысынан санариптик экономиканы өнүктүрүүдө санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, мейли банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи 

Өз кезегинде, «Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди. 

Форумга Орусиянын 8 ири IT компаниясы катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты