Министрлер кабинетинин төрагасы окуучулар митингге чыккан окуяны сынга алды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, блим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана президенттик администрациянын кызматкерлери катышты.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты