Министрлер кабинетинин төрагасы Москвага иш сапары менен барды

  • 6 месяцев мурун

18-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Визиттин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Орусиянын өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп»,  Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты