Министрлер кабинетинин башчысы иш сапары менен Абу-Дабиге барды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Экономикалык кызматташуу боюнча  биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират  комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат. 

Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты