Министрлер кабинетинин алдында Инвестициялык кеңеш түзүлдү

  • 2 года мурун

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү. Тиешелүү чечимге өкмөт башчысы Акылбек Жапаров кол койгонун аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынганы айтылат.

Инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты