Министрлер кабинетинде «Nuctech Company Limited» кытай компаниясы менен кызматташуу маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Nuctech Company Limited» (Кытайдын) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы республика Кытай менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Акылбек Жапаров кытайлык инвесторлор менен кызматташууну жайгарууга кызыкдар экенин билдирип, акыркы жылдары пандемияга карабастан, Кытай Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсүндө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда алдыңкы орундарды ээлеп келе жаткандыгын кошумчалады. 

«Nuctech Company Limited» компаниясынын өкүлдөрү ишкананын иши жана экономиканын ар кыл тармактарында алдыңкы технологияларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Тараптар келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты