Министрлер кабинетинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча жыйын өттү
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумда “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ААК тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бул долбоорго улуттук долбоор статусун берүү сунушу киргизилди.
Маалым болгондой, учурда Бишкек-Ош трассасынын 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭСинин тушуна (айланма каналга) чейин келүүчү автожолду, транспорттук туннелди куруу, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, көмөк чордондорун орнотуу, ошондой эле көпүрө жана куруучулар үчүн убактылуу шаарчаны куруу иштери жүрүп жатат.
Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев жыйындын катышуучуларына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды.
Бул багытта, Финансы министрлигинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Корея банкы жана бир катар эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, отурумда президенттин катышуусунда жалпы каржы институттарына долбоорлорду презентациялоо сунушу дагы айтылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун Жол картасына кол койгон. Анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.