Министрлер кабинетинде балдар наркоманиясына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды

  • 2 weeks мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдар жана өспүрүмдөр арасындагы баңгичиликтин алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал балдар наркоманиясынын алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралар жыйындысын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Балалыкты жана балдардын кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болуп саналат. Мамлекет башчынын чечими менен мамлекеттин чектелүү ресурстары биринчи кезекте балдардын маселелерин чечүүгө, алардын ден соолугуна жана билимине багытталат. Балдардын наркоманиясына каршы күрөшүү маселелеринде мамлекеттик органдардын координацияланган жана комплекстүү иши талап кылынат. Буга адистештирилген мекемелерде диагноз коюу жана дарылоо үчүн шарттарды жакшыртуу, мугалимдердин жана ата-энелердин көңүлүн бул маселеге буруу, тиешелүү маалыматтык кампанияларды жүргүзүү, медициналык жана реабилитациялык жардамды өнүктүрүү кирет. Жакынкы күндөрү күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмеси тез арада кеңейтилиши керек. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу менен өспүрүмдөргө рецептсиз дарыларды берүүгө катуу тыюу салынат», – деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, ушул жылдын февраль айынан тарта дары-дармектерге автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы иштей баштайт. Дары-дармек каражаттары, анын ичинде күчтүү психотроптук дарылар маркировкаланат, ошону менен алардын колдонулушуна байкоо жүргүзүү жана контролдоо камсыз кылынат.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар:

адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында баңгизатка көз карандылыкты аныктоо үчүн шарттарды камсыз кылуу;

адистештирилген мекемелерди тийиштүү адистер (наркологдор, психологдор) менен толуктоо;

адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде баңгизатка көз каранды балдарга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн күндүзгү стационарды түзүү;

күчтүү таасир этүүчү дары-дармектердин тизмесин кеңейтүү;

күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди рецептсиз сатуу үчүн жоопкерчилик чараларын киргизүү боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты