Министрлер кабинетинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумдун жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эң зарыл болгон азык-түлүк товарларына баалардын мониторингин улантуу, зарыл болгон учурда аларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. 

Жыйында ошондой эле, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселелер каралды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты