Министрлер кабинети “Жунда” заводу быйыл экинчи кварталда ишке киргизиле турганын билдирди

  • 4 недели мурун

Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жунда» мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда.

Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү  жылдын экинчи кварталына болжолдонууда.

Министрлер кабинетинин башчысы иш сапарынын жүрүшүндө оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.

Акылбек Жапаров тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты