Министрлер кабинети Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитти

  • 2 года мурун
2022–2026-жылдарга креативдүү  экономиканы  өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 
Маалыматка ылайык, концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу өлкөнүн экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат. 

Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт. 

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты