Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар

28-сентябрь күнү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирүү тараткан. Кийинчерээк Поту Фани Бхушан аттуу жаран Алмаз Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазганы белгилүү болду. Министр Алмазбек Бейшеналиев Фаниден 110 миң доллар талап кылынганы айтылды. 

Бирок, Алмазбек Бейшеналиев бул айыптоолорду четке кагып, аталган сумма инвестиция катары бир долбоорго берилген каражат экендигин билдирген. Бирок бул иштин деталдары али белгисиз. 

Учурда Бейшеналиев эки айга убактылуу камоочу жайга киргизилди. 

Ошол замат эле Фанинин КР президенти Садыр Жапаров менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган.

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери, бул иликтөөсүндө Поту Фани Бхушан ким экендигин, анын Кыргызстандагы медициналык билим берүү жана башка тармактардагы ири бизнестерин ал гана эмес, таасирдүү адамдар менен байланышын дагы аныктап чыкты. 

Алмазбек Бейшеналиев кармалганга чейин

Буга чейин мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев он жети жеке медициналык окуу жайларды жабууга аракет кылганын айткан. Себебин экс-министр бул окуу жайлар тиешелүү талаптарга жооп бербей турганын, кийин кесепети жаман болушу мүмкүн экендигин айткан: 

Талапка жооп бербеген окуу жайларды менден башка эч бир министр жаба албайт. Чынында эле көп акчалуу гиганттар бар, алардын баары мени издеп жатышат«, — дейт Алымкадыр Бейшеналиев. 

Ошондой эле, бул тармак бизнеске айланып калгандыгын белгилеген. 

«Азыр ал бизнеске айланып, мүмкүнчүлүгү бар адамдар институт, университеттерди ачып алышты. Ал жерде чоң акча бар. Бирок билим сапаты начар. 10-15 жылдан кийин бизди ким дарылайт деп ойлонушубуз керек. Окубай, кандайдыр бир жол менен университетти бүтүргөн дарыгерлер келечекте өлкөнүн генофондуна чоң зыян келтирет», — деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка”. 

Кыргызстан Эгемендүүлүктү алгандан кийин билим берүү тармагында мамлекеттик окуу жайлардан сырткары, жеке-менчик медициналык окуу жайлардын саны өскөн. Ал окуу жайларда билим алуу үчүн чет өлкөлүк студенттер дагы агылып келе баштаган. Мисалы, 2021-жылы Кыргызстандын медициналык окуу жайларына жалпы — 31 786 чет өлкөлүк студент келген. Алардын басымдуу бөлүгүн Индия менен Пакистандын жарандары түзөт. 

Студенттерден акча жасагандар

Кыргызстандагы жеке медициналык окуу жайларга чет өлкөлүк студенттер атайын жалданма агенттиктер аркылуу келет. Аталган агенттиктер көрсөткөн кызматтары үчүн чоң суммадагы акчаларды алышат. Алардын катарын:  Индиядагы — ISM Edutech Software Solutions Pvt. Ltd, Пакистандагы — Educational Advisor деп аталган компаниялар түзөт. 

Бул компаниялар Кыргызстандагы бир катар медициналык окуу жайлар менен кызматташат. Алар: И.Ахунбаев атындагы медициналык академиясы, “Ала-Тоо” эл аралык университети, Кыргызстан Эл аралык университети: Эл аралык медицина мектеби, Эл аралык жогорку медициналык мектеби — аталган мектептин аймактардагы филиалдары. 

Жогоруда биз сөз кылып жаткан ISM Edutech Pvt. Ltd Индияда жайгашкан. Мунун негиздөөчүсү катары Фани Бхушан Поту көрсөтүлгөн. Бул компания аркылуу Фанинин жакын адамы Ядав Сунил Кыргызстандагы «CAREER BUILDER» ЖЧКсы аркылуу Индиядан студенттерди алып келет. Баса, ISM Edutech Pvt. Ltd компаниясы Кыргызстандагы “Медициналык билим берүүнү колдоо” фондун түзгөн. Директору катары Поту Фани Бхушан өзүн көрсөткөн. Ал эми аталган компаниянын минюстта көрсөткөн номери, биз айтып жаткан — Сунил Ядавга таандык. 

Сунил Ядав социалдык тармакта атайын аккаунт ачып, ага Поту Фани Бхушандын — ISM Edutech Pvt. Ltd компаниясын жарнамалап жатат. Ошондой эле, Поту Фани Бхушан ээлик кылган «Медициналык билим берүүнү колдоо фонду» катталган даректеги батир Ядав Сунилдин жубайы Кахкашан Джамшед Аламга катталган.

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар
Сүрөттө: Ядав Сунил жана жубайы Кахкашан Джамшед Алам

Демек, Ядав Сунил Поту Фани Бхушандын ишенимдүү адамы десек болот. 

Чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстанга алып келүүгө ортомчулук кылган экинчи компания —  Educational Advisor. Ушул эле компаниянын филиалы Кыргызстанда да катталган. Бул эки компаниянын тең директору — Мухаммад Имран Назир аттуу жаран. Аталган компания дагы Кыргызстандын жогоруда аты аталган үч университети менен кызматташат. Ошондой эле, Мухаммад Имран Назир Кыргызстан Эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, Эл аралык жогорку медициналык мектептин ардактуу профессору.  

Демек, чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгү Поту Фани Бхушан менен Мухаммад Имран Назирдин компаниясы аркылуу келишет.  

ISM Edutech Pvt. Ltdнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, MBBS программасы боюнча Кыргызстанда билим алуунун суммасы 6500-7500 АКШ доллары деп көрсөтүлгөн

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билим берүүдөгү эң эле кирешелүү тармак — чет өлкөдөн студенттерди алып келүү экендигин айткан эле:

Кыргызстандагы ар бир үчүнчү студент чет өлкөлүк. Адардын жарымы эле индиялык жана пакистандык студенттер. Бир жылда эле 250 млн сом Кыргызстанга алып келишет”. 

Демек, бул тармак кирешелүү экендиги талашсыз. 

Поту Фани Бхушан жана Чыңгышпаев 

Поту Фани Бхушандын иши бир гана студенттерди алып келүү менен эле чектелбейт. Ал Эл аралык жогорку медициналык окуу мектебинде проректор болуп иштеген. Анын жубайы Сонал Поту Эл аралык жогорку окуу мектебинин ардактуу профессору наамын алган. Сонал 2019-жылы ISM Edutech Pvt. Ltd  компаниясынын директору болуп турган. 

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар
Поту Фани Бхушан жана жубайы Сонал Поту

Баса, Эл аралык жогорку окуу мектебинин мурдагы ректору — Чыңгышпаев Шамиль Мукашевич. Поту Фани Бхушан менен Шамиль Чыңгышпаев куда. Тагыраагы, Поту Фани Бхушандын жубайы Сонал Потунун бир тууганы Рупал Наджаван Шамиль Чыңгышпаевдин кызы Юлия Чыңгышпаевага баш кошкон. Ал экөө тең Казакстандын Каспий Эл аралык Медициналык мектебинде иштешет. Аталган мектеп дагы жогоруда айтылган Фанинин компаниясы менен иштешет. 

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар
Сүрөттө солдон оңго карай: Рупал Наджаван жана жубайы Юлия Чыңгышпаева, Поту Фани Бхушан жана жубайы Сонал Поту

Поту Фани Бхушан жана Садыр Жапаров 

Социалдык тармактарда Поту Фани Бхушандын Президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү талкууланып жатат. Бул да жөнүнөн эмес. Поту Фани Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексинин курулушуна инвестор болгон. 

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 миллион сом. Жатакананын курулушуна инвесторлор тарабынан 93 миллион сом бөлүнгөн. Аталган, 93 миллион сомду Поту Фани Бхушан инвестор катары бөлүп бергендигин Эрбол Султанбаев тастыктаган. 

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар

Кызыгы, аталган долбоордун курулушу боюнча тендерди  «Евразия-Строй-Сервис» ЖЧКсы жеңип алат. Бул дагы жөнөкөй компания эмес. Анын негиздөөчүсү жана жетекчиси Апызов Ильязбек Маманасирович. Ильязбек Апызов — президент Садыр Жапаровдун досу Арзыбек Буркановдун иниси. Аталган долбоордун курулушунун капсуласын салууга Садыр Жапаров өзү барган. Президенттин сайтындагы сүрөттөрдө Садыр Жапаров, Поту Фани Бхушан, Ильязбек Апызов жана Имамназар Буркановдор чогуу жүргөнүн көрүүгө болот.  

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар
Сүрөттө: Индира Кудайбергенова, Фани Бхушан, Ильязбек Апызов, Имамназар Буркановдор жана Садыр Жапаров

Поту Фани жана Асылбек Айдаралиев

Жогоруда сөз болуп жаткан Эл аралык жогорку медицина окуу мектеби Кыргызстан эл аралык университети консорциумуна кирет. Бул МУКтун сайтында да көрсөтүлгөн

“ПолитКлиника” медиасы буга чейин “Өзү дагы, мүлкү дагы жеке колдорго өтүп кеткен  КРнын Эл аралык университети” деп аталган иликтөөсүндө мамлекеттик болуп саналган университет жеке менчик колго мыйзамсыз өтүп кеткенин, ал  университететке учурда ушундай эле окшош ат менен катталган УНПК МУК ээлик кыларын, бул мекеме менен Асылбек Айдаралиевдин байланыштарын аныктап чыккан.

Мындан сырткары, Эл аралык жогорку медицина окуу мектебинин ректорунун кеңешчиси — Айдаралиев Арсен Асылбекович. Ал МУКтун негиздөөчүсү Асылбек Айдаралиевдин уулу. Баса, Асылбек Айдаралиев — КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган. 

Демек, Поту Фани Бхушан, Асылбек Айдаралиев, Шамиль Чыңгышпаев,  Имран Назир чогуу иш алып барышат. Алардын бирге түшкөн сүрөтү дагы бар. 

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар

Жыйынтыгында, чет элдик студенттерди алып келүү милдети Пакистандан Имран Назирге, Индиядан Фаниге, анын аялынын бир тууганы Рупал Наджаванга, жардамчысы Сунил Ядавга жүктөлгөн десек болот. 

Поту Фани Бхушан менен Айдаралиевдин кызынын бизнеси

«Эл аралык жогорку медициналык мектебинин Медициналык клиникасы» ЖЧКсынын баштапкы негиздөөчүсү ISM Edutech PVT.LTD команиясы болгон. Бул Поту Фани Бхушан негиздеген компания. Клиниканын директору катары Асылбек Айдаралиевдин кызы Гульнара Айдаралиева көрсөтүлгөн. 

Министрге “пара бердим” деген Фани жана анын айланасындагы таасирдүү адамдар

Бул компания 2022-жылдын 24-июнда кайра каттоодон өтөт. Учурдагы директору Биялиева Гульмира Самарбековна “Vеdanta” медициналык клиникасынын директору. Медициналык мектеп катталган юридикалык даректе “Vedanta” клиникасы жайгашкан. Демек, Фани менен Айдаралиевдин кызы Гульнара бизнес өнөктөш болгон. МУКтун сайтындагы маалыматка ылайык, бул клиника азыр МУКка тиешелүү. Клиниканын Ысык-Көлдө да филиалы бар. 

Билим берүү тармагынан сырткары кандай бизнестери бар? 

20-декабрь 2021-жылы  мамлекеттик “Кыргызалтын” компаниясы Avelum Partner деп аталган компания менен келишим түзөт. Жаңы өнөктөштүктө “Кыргызалтындын” үлүшү 35% деп белгиленсе, “Avelum Partner” 65% үлүштү алган. «Авелум Партнер» алтын өндүрүү үчүн «Кыргызалтын» ААКсына тиешелүү болгон Солтон-Сары кенинин калдыктарын кайра иштетет.   

Avelum Partner компаниясынын — мурдагы негиздөөчүлөрүнүн катарында Сунил Ядав болгон. Биз жогоруда, Сунилдин Фани менен жакын мамиледе экенин айтып өткөнбүз. 

Кошумча,  Поту Фанинин жубайынын бир туганы Рупал Наджаванга тиешелүү “Кыргыз Интернешнл Трэвел” компаниясы катталган. Бул компаниянын Минюстта көрсөткөн номери, Медерова 43 дарегинде жайгашкан “Далида Холл” ресторанында да көрсөтүлгөн. Гетконтакттан текшерип көрсөк, Рупал, Фани Поту, Далида ресторан, Фани Бишкек, МУК Фани деген тегдер чыкты. Демек, аталган ресторан дагы Фанинин үй-бүлөсүнө тиешелүү болушу мүмкүн. Мунун тагыраагын аныктоого мүмкүн болгон жок. Себеби, ресторан жайгашкан дарек башка жаранга катталган. 

Бул иликтөөбүздө Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге пара берди делип, талкууга түшкөн, медициналык окуу жайларга Индиядан, Пакистандан студенттерди алып келүүнү кирешелүү бизнес тармагына айланткан Поту Фани  кыргызстандык таасирдүү адамдар менен биргеликте иш алып бара тургандыгын аныктадык. 

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты