Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев ишке киришти

  • 2 месяца мурун

11-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырды.

МинКаб кабарлагандай, Акылбек Жапаров Ош-Бишкек жолун реконструкциялоо иштерин тез арада ишке ашырууну, ошондой эле быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында түндүк-түштүк унаажолун ачуу зарылдыгын белгиледи.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты