ТИМ Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкендин катына жооп бергенин билдирди

  • 6 месяцев мурун

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев АКШ элчисине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Блинкенге даректелген өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жоопторду камтыган жооп катын тапшырганы айтылат.

Ошондой эле, тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашкан.

Энтони Блинкен Садыр Жапаровго кат жолдогону 7-февралда маалым болгон. Блинкен катында эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.

Ал эгер «Чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине терс таасир этип, өлкөнүн эң чоң байлыктарынын бирине коркунуч келтирерин кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты