Министр көп балалуу кызматкерлерге жардам көрсөттү
- 5 месяцев мурун
Жаңы жыл майрамынын алдында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көп балалуу 53 кызматкерине гуманитардык жардам көрсөттү.
27-декабрда министрликтин борбордук аппаратында өткөн кайрымдуулук иш-чарасында ун, тамак-аш майы жана башка азык-түлүк тапшырылды. Жардам алгандардын арасында министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүктөрүнүн кызматкерлери да бар.
Министр Жаңы жыл үмүттүн жана биримдиктин майрамы экенин белгилеп, көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо камкордуктун белгиси экенин айтты. Көрсөтүлгөн жардам министрликтин өздүк каражаттарынын эсебинен алынган.
Муну бөлүшүү




