Министр Ибраев Бишкекке бүгүн кечинде жылуулук толугу менен берилерин билдирди

  • 6 месяцев мурун

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борбору бүгүн кечинде штаттык режимде иштей баштарын билдирди.

«Учурда жеринде бригада иштеп жатат. Каражат жетиштүү. Акырындык менен шаар ичинде температураны көтөрүп, кечки саат 22:00гө чейин ЖЭБ өз нугунда штаттык режимде иштеп калат деп пландап жатабыз. Тетиктердин баары жетиштүү. Бул кырдаалдар өз күчүбүз менен чыгып кетебиз«, — деди министр.

2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты