Министр дыйкандарды сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

  • 2 недели мурун

Ысыган аба ырайына байланыштуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарга жана фермерлерге кайрылып, сугат иштеринде сууну үнөмдүү пайдалануу маанилүү экенин белгиледи. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрдин айтымында, эгер ар бир дыйкан өз жеринде сууну туура пайдаланса, суунун тартыштыгы болбойт жана эл толук камсыз болот.

«Сугатты эртең менен же кечинде, аба салкын убакта жүргүзүү натыйжалуу болот. Сугат бүткөндөн кийин, сууну кийинки кезекке өткөрүп берүү абзел. Ар бир өсүмдүккө жетиштүү өлчөмдө гана суу берүү зарыл. Ашыкча суу берүү өсүмдүккө да, жерге да зыянын тийгизет», — деди Төрөбаев.

Министр ошондой эле каналдарды жана арыктарды чыңдоо, тамчылатып же жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу, суу ысырап болбошу үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты