Министр Чыныбаев менен Жапон элчиси жаңы долбоорлорду талкуулашты

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Жолугушууда тараптар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, ӨКМдүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана заманбап эрте эскертүү системаларын киргизүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча жер титирөөлөр боюнча эрте эскертүү системасын өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, калкты өз убагында маалымдоо багыты белгиленди.

Жапон тарап бул демилгени колдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле мурдагы долбоорлордун алкагындагы ийгиликтүү кызматташтык белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары да бекемдеп, өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатуу боюнча ишти улантууга макулдашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты