Министр Алымкадыр Бейшеналиев жарандарга кайрылды
- 2 года мурун
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандарга кайрылып, сасык тумоодон өз алдынча дарыланбоого чакырды.
“Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сиздерге өзүңүздүн жана балдарыңыздын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Оорунун биринчи белгилери, мисалы, дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы же алсыздык пайда болгондо, өз алдынча дарыланбаңыз, квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн дароо үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыз. Республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулду” — деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле министр, жарандарды алдын ала чараларды көрүүгө үндөп, санитардык эрежелерди сактоого чакырган.




