Минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга тыюу салынды
- 5 месяцев мурун
Минералдык жер семирткичтерди өлкөдөн ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынды.
Министрлер кабинетинин 22-февралдагы Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. «Токтом» маалыматтык-укуктук порталынын маалыматына ылайык, чектөө эл аралык транзит жана министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамга таасир этпейт.
Муну бөлүшүү