Милициянын кайгуул кызматкерлеринин нааразычылыгы. ИИМ кызматкерлеринен турган комиссия Ошко барды

  • 12 месяцев мурун

ИИМ кызматкерлеринен турган комиссия Ошко барды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жетектеген бир нече ИИМ кызматкерлеринен турган комиссия барды.

Бүгүн, 29-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында келген комиссия мүчөлөрү менен Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Анда милициянын кайгуул кызматынын айрым кызматкерлери аталган кызматта түзүлгөн кырдаал, жетекчилик менен болгон мамилелери, кызматта кездешкен айрым кемчиликтер менен пикир келишпестиктер тууралуу ачык-айкын ойлорун ортого салышты.

«Бул жыйын менен гана комиссия ишин аяктап калбайт. ИИМ тарабынан түзүлүп келген комиссия ар бириӊиздер менен өз алдынча маектешип, окуянын чоо-жайын тереӊ иликтеп чыгат. Мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлат, ал эми күнөөлүүлөр жазасыз калбайт», — Октябрь Урмамбетов.

Жыйынга ички иштер органдарынын ардагерлери дагы катышышып, милициянын кайгуул кызматындагы жаралган кырдаал боюнча өз ойлорун билдиришип, кызматкерлерди коомдук коопсуздукту сактоодо ынтымакта, берилгендик жана тереӊ патриоттуулук менен иштөөгө чакырышты. Ички иштер министрлигинен келген комиссия Ош шаарынын аймагында бир нече күн текшерүү иштерин улантышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты