Милиция «ЗиЛ» лыжа базасында илинген уйгур желеги боюнча текшерүү иштерин баштады

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «ЗиЛ» лыжа базасында «Уйгур улуттук желеги» илинген делген видео боюнча райондук милиция текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин алкагында Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу аталган эс алуу жайына барган учурда уйгур улуттук желеги илинген делген жер бош экени аныкталган. Эс алуу борборунун жетекчиси Р. А. желекти чечип койгонун айтып, аны өз ыктыяры менен тергөөгө өткөрүп берген.

Учурда аталган факты боюнча соттук-теологиялык, соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралууда. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты