Милиция кызматкерлери Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

  • 4 месяца мурун

Милиция кызматкерлери Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда эки маселени талкууга алды. Алар, “Нооруз” майрамында коомдук тартипти сактоо жана учурдагы кылмыштуулуктун абалы, аны алдын алуу жана коомдук тартипти жогорку денгээлде сактоонун негизги чаралары, биринчи чейректи ийгиликтүү жабууга арналган ар кыл маселелерди кеңири талдоого алынды.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 21-март-“Нооруз” майрамына карата бардык региондордо жана борбор шаарыбызда республикалык деңгээлдеги массалык-маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-мерчемин бекитип, баарыңыздарга таратып бердик.

Анын негизги талаптары менен баарыңыздар тааныштыңыздар. Эң башкысы, коомдук тартипти натыйжалуу камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар. Бир дагы аймакта массалык мушташууларга, коомдук эрежелерди бузууларга, өз-ара чатакташууларга, бейбаштыктарга жана эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин.

Жаш өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуусу, өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштардын орун алуусуна бөгөт коюу жумуштары күчөтүлсүн. “Милиция өз милдетин аткарган жок” деген сын-пикирлер айтылышына жол бербөө керек. Өздүк курамдын сырткы формалык келбети ирээтке келтирилсин. Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер баардык жарандарга сылык мамиле жасап, тартипти жана мыйзамды бузбай, жүктөлгөн милдеттерди так аткарышсын. Жер-жердеги баардык жетекчилер жогоруда аталган массалык-маданий иш-чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын», — деди министр.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты