Милиция кызматкерине пара сунуштаган белгилүү блогер кармалды
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу (блогер) «Абай» аттуу жаран жабырлануучунун уюлдук телефонуна чалып, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан «Даамдуу» коомдук тамактануу жайына журналисттик иликтөө жүргүзүп, бир катар санитардык нормаларды бузуу фактыларын аныктаганын билдирген. Ошону менен бирге мыйзам бузууларды коомчулукка жарыялабоо үчүн аны коркутуп 100 миң сом талап кылган.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Шектүүнүн тек-жайы аныкталып, ал 2000-жылы туулган К.А. жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин негиздөөчүсү, Бишкек шаарынын тергөө кызматына жеткирилген. Бирок шектүү, К.А., маселени материалдык ыраазычылык менен чечүүнү сунуштап, 100 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.
Кылмыш- жаза кодексинин 345 (Пара берүү), 208- беренелерине (Опузалоо) ылайык, кылмыш иши козголгон жана кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Сүрөттө: Шектүү. Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы




