Милиция кызматкери Соң-Көлдү сүзүп өтүп, Гиннес китебине кирүүнү пландап жатат

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт кызматынын милиционери Султан Жумабек уулу кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү пландоодо.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июлда, Бишкекте Соң-Көлдү ушул жылдын август айында сүзүп өтүп, андан кийин Гиннестин рекорддор китебине арыз калтырууну пландап жаткан милициянын старшинасы Султан Жумабек уулу менен маалымат жыйыны болуп өткөн.

Маалымат жыйынына Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары Алмазбек Жумабеков, “Nomad Sport” ишканасынын директору Арслан Малдыбаев жана “World Class” фитнес клубунун өкүлү Евгения Сураева катышкан. “Маалымат жыйынын жүрүшүндө уюштуруучулар спортчу кандай кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экенин айтышты” деп айтылат маалыматта.

Жумабек уулу Султан 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым аралыкта сүзүп өтүп, Кыргызстанда биринчи болуп ультратриатлон аралыкты: 13 чакырымга сүзүү, 340 чакырымга веложарыш, 52 чакырымга чуркоо боюнча жеңишке жетишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты