Милиция Кундуз Жолдубаевага каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартты

  • 7 месяцев мурун

Милиция Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын журналист Кундуз Жолдубаевага каршы жазган арызы боюнча кылмыш ишин козгогон жок. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирген.

“Кылмыш ишин козгоодон баш тартышыптыр. Бирок “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстеги “майда бейбаштык” менен жоопко тартуу протоколу берилиптир”, — деди Сыдыков.

7-декабрда КСДП партиясынын расмий өкүлү, журналист Кундуз Жолдубаева Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө бир саат сурак берип чыккан. Жолдубаева анын сурак беришине депутат Нарматованын “Арча медиа” YouTube каналындагы эфирлердин биринде анын беделине шек келтирилгени тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековго жазган арызы негиз болгонун билдирген. Ал арызында Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызына чара көрүүнү суранган.

Ал берүүгө конок катары катышкан “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун журналисти Махабат Тажыбек кызы да суракка чакырылган. Ал чет жакта жүргөндүктөн, суракка барган эмес. Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Нарматова “Азаттыкка” бул тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты