МИК жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүүнү токтотуп, каражатты турак жай курууга жумшап жатканын билдирди

  • 1 год мурун

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга жеңилдетилген ипотекалык насыя берүүнү токтотуп, каражатты турак жай курууга жумшап жатканын билдирди.

Компаниянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта акыркы жылдары үйгө болгон баанын өсүшүнө байланыштуу өлкө жетекчилиги ипотекалык насыяларды жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу максатында акча каражатты турак жай курууга жумшоону чечкени айтылат.

Бишкек шаарында курулуш иштери башталып, учурда кызуу жүрүп жаткан кези. Курулуштун кийинки этабы республиканын аймактарында улантылат. Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө батирлердин баасы 1 чарчы метри 550 долларга чейин бааланса, учурда кыймылсыз мүлк базарында эски турак жайдын баасы 1000 доллар жана андан жогору турат. Ошентип, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жарандар үчүн мамипотеканы эки эсе жеткиликтүү кылат”, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, курулуш аяктагандан кийин даяр батирлер «Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасынын катышуучуларына өнөктөш банктардын катышуусуз, түз Мамлекеттик ипотекалык компания өзү сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде республиканын бардык аймактарында “Жеңилдетилген ипотека” (жылына 4%) багыты боюнча, Бишкек жана Ош шаарларында “Жеткиликтүү ипотека” (жылына 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү токтотулган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республиканын аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштеген жана жашаган бардык жарандарга (мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери) мамлекеттик ипотеканы берүү “Жеринде турак жайды каржылоо” программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул турак жай программасы Германиянын өнүктүрүү банкы KfW тарабынан каржыланат.

Ипотекалык насыялар өнөктөш банктар аркылуу кезексиз берилүүдө:
• “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАК;
• “РСК Банк” ААК;
• “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААКсы.

Эскерте кетсек, “РСК Банк” жана “Кепилдик фонд” аркылуу баштапкы төлөмдүн 10%ына мамлекеттик кепилдик алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты