МИК Бишкекте социалдык турак жай кура турган курулуш компаниясын аныктады

  • 2 года мурун

Мамлекеттик ипотекалык компания борбор калаанын Тунгуч кичи районуна социалдык турак жайларды куруу үчүн курулуш компанияны аныктады. Бул тууралуу МИКтин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Анкара көчөсү, 44 дарегинде 108-сериядагы 55 батирлүү жаңы үй курулат. Турак-жай комплексин «Фаворит Строй Групп» компаниясы курат.

«Жеткиликтүү ипотека» программасынын катышуучулары курулуп жаткан объектиден батирди мурдатан түзүлгөн кезекке ылайык сатып ала алат.

Насыянын шарттары: жылдык 8%, 25 жылга чейин, баштапкы төлөм турак жайдын баасынын 20%дан кем эмес болушу керек.

Толук маалымат алуу үчүн бул турак жай программасына кезекте турган катышуучулар «Керемет Банкка» кайрылса болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты