Михаил Мясникович Бишкекке келди

  • 2 года мурун

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Михаил Мясникович Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Бишкек инвестициялык саммитинин ачылышына конок катары катышат. Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугуна карата уюштурулуп жаткан илимий-практикалык конференцияга катышмакчы.

Мындан тышкары Михаил Мясниковичтин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу пландалган.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 9-декабрда Бишкекте өтөт. Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты