Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташыган чет элдик кармалды

  • 2 дня мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн, 1978-жылы туулган Ф.С. аттуу чет элдик жаранды «Манас» эл аралык аэропортунан кармады.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул жаран Румыниянын кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси боюнча мигранттарды Европага мыйзамсыз ташууну уюштурганы үчүн айыпталууда.

2020-жылдын 20-ноябрында Румыниядан чыгып бара жаткан «Нэдлак II-Чанадпалота» көзөмөл-өткөрүү жайында Ф.С. айдап бараткан жүк ташуучу унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда Румыниянын чек ара полициясынын кызматкерлери жүк сактоочу жайдан Румын чек арасынан Европага мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган араб тектүү чет элдик 28 жаранды табышкан.

Ал жаран Интерполдун билдирүүсү жарыялангандан кийин кармалган.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ф.С. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чара көрүү үчүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты