Миң-Кушта уран калдыктарын рекультивациялоо долбоору аяктады
- 2 недели мурун
Кечээ, 28-май күнү Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо долбоорунун аякташына арналган мемориалдык стела салтанаттуу ачылды.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү катышты. Тараптар бул долбоор Кыргызстан жана Борбор Азия үчүн экологиялык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойногонун белгилешти.
Долбоор 2013–2025-жылдары Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Росатомдун биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылган. Анын алкагында Миң-Куштагы кооптуу уран калдыктары коопсуз жайга көчүрүлүп, аймак экологиялык жактан калыбына келтирилди.
Муну бөлүшүү




