Мессенджерлерде тараган ууланган атырлардын үлгүсү тууралуу билдирүүнү текшеребиз

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланып, ооруканага түшкөн. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы 43 бала дарыгерге кайрылып, алардын 18и ооруканага жаткырылган. Алар 4-апрелде ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды. 

Бул окуядан кийин WhatsApp мессенджеринде ууланган атыр тууралуу аудио тарады. Анда көчөдө атырдын үлгүсүн жыттоону сунуштагандардан этият болуу керектиги айтылат.

Мессенджерлерде тараган ууланган атырлардын үлгүсү тууралуу билдирүүнү текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы WhatsApp мессенджерине тараган аудио билдирүүнү текшерип көрдү.

Аудио билдирүүнүн мазмуну

WhatsApp’та орус тилинде эркек адамдын үнү менен билдирүү тараган. Анда автор унаа токтотуучу жайлардан, чоң дүкөндөрдүн жанынан, көчөдөн атырлардын үлгүсүн жыттоого берсе баш тартуу керек экенин айтып, атырга уу кошулганын эскертет. Бирок аудиодо кайсы өлкө, кайсы шаар тууралуу сөз болуп жатканы айтылбайт.

Атыр кандай шартта сакталуусу керек?

Бишкектеги соода борборлордо, көчөлөрдө атырдын үлгүсүн жыттап көрүүнү сунуштагандарды, атырды көчөдө сатып жаткандарды көп кездештирсе болот. Атырды күндүн нурунда саткан туурабы? Негизи атыр кандай шарттарда сакталышы керек экенин карап көрөлү.

Британиялык парфюмерия боюнча эксперт Джонни Уэббердин айтымында, атырды жылуулуктан жана нымдуулуктан коргоо керек. Ал парфюмерияны шкафта, тартмада же муздаткычта сактоону сунуштап, жарыктын таасирин азайтуу керектигин билдирген. Туура сакталган атырлар ачылгандан кийин 2 жылдан 3 жылга чейин жарактуу болот. Туура эмес сакталып же мөөнөтү өтүп кеткен атырды колдонгон учурда адам аллергия болушу мүмкүн. Ошону менен катар эле атырдын жыты жагымсыз жытка айланат. 

Уэббер evoke.ie журналына берген маегинде сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 16%ы гана атырды туура жерге сакталары аныкталганын айткан. Калгандары атырын уктоочу бөлмөсүндө же жуунучу жайда сактай турганын билдиришкен. Эксперттин айтымында, атырды терезеде, ваннада сактоо абдан ыңгайлуу болгону менен жыттарды сактоо үчүн эң начар жерлер болуп эсептелет.

Ууланган атыр тууралуу эскертүүлөр башка өлкөлөрдө мурда дагы болуп келген

Быйыл февраль айында Орусияда ушундай мазмундагы аудио билдирүү WhatsApp’та жана Telegram’да тараган. Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы мындай жол менен уулануунун бир дагы учуру катталбаганын билдирген. Мындай окуялар боюнча милицияга кайрылуу түшпөгөнүн Орусиянын Ички иштер министрлиги да тастыктаган.

Буга чейин дагы Snopes.com сайты ууланган атыр боюнча билдирүүлөрдү текшерип, бул  чындыкка дал келбеген маалымат деген жыйынтык чыгарышкан. 

Мессенджерлерде тараган ууланган атырлардын үлгүсү тууралуу билдирүүнү текшеребиз

Аталган сайт жыйырма жылдан бери ушундай эскертүүлөр болуп келгенин жазышкан.

Аудио билдирүү Кыргызстанда дагы тараганы менен өлкөдө атырдын үлгүсүн жыттап, уулангандар тууралуу расмий маалыматтар жарыяланган эмес. 
Жыйынтык: WhatsApp’та ууланган атырдын үлгүсү тууралуу тарап жаткан билдирүүдө айтылгандар эски жана чындыкка дал келбеген маалыматтар. Мындай билдирүүлөр буга чейин башка өлкөлөрдө дагы тарап келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты