“Мэриянын кызматкерлери аптада 2 күн коомдук траспортто жүрүүгө милдеттүү”. Мыйзам эмне дейт? (Фактчекинг)

Эми муниципалдык кызматкерлер, тагыраагы, Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен жүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу маалыматты мэрия өзүнүн расмий сайтына жайгаштырды

Анда бул чечим Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында кабыл алынганы жазылат. Мэриядан билдиришкендей, шейшемби жана бейшемби күндөрү шаарда унаа кыймылы эң көп болот. 

Мыйзам мындай чектөөлөргө жол береби? Дегеле муниципалдык кызматкерлерге өзгөчө талаптарды коюу канчалык туура? “ПолитКлиника” медиасы бул суроолорго жооп издеп көрдү.

Кандай учурларда чектөөлөр киргизилет?

Баш мыйзамдын 20-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Бул чектөөлөр мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн экени айтылат. Бирок алар көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу шарт. 

Ошол эле учурда Баш мыйзам ар бир кыргыз жаранына мыйзамда тыюу салынбаган аракеттерди жасоого укук берет. 

Ошондой эле, чектөө күчүнө кириши үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алынышы керек. Бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык кызматкерлерди коомдук транспортто жүрүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөн эмес. Демек, мэриянын кызматкерлерине коюлган талап мыйзамсыз. 

Бишкек мындай чектөөлөргө муктажбы? 

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылы өлкө боюнча    1 млн 173 миң 314 жеңил унаа катталган. Бул унаалардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Бишкек шаарына туура келет. Былтыр борбор калаада 319 256 унаа жеке ээлерге катталган. 

Мындан улам соңку жылдары Бишкекте жол тыгындары көбөйгөнү байкалат. Мэрия буга чейин жол тыгыны жана жол кырсыктары маселесин жоюу үчүн шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын ордуна автобустарды киргизүү керектигин айткан. Учурда маршруткалардын басымдуу бөлүгү автобустарга алмаштырылды. Ал эми муниципалдык кызматкерлерге жеке унаа колдонууга тыюу салуу буга чейинки мыйзамдарда каралган эмес.

Мэриянын мындай кадамы социалдык тармактарда талкууларга жол ачып, айрымдар бул чечимди колдоорун айтышса, башкалар “ушундай майда чектөөлөрдү киргизүү менен жакында Түркмөнстан болуп калбасак экен” деген тынчсыздануусун билдиришти.

Анткени Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге карата катаал чектөөлөр бар. 

Түркмөнстандын жолунда 

Түркмөн өкмөтү дүйнөгө жарандардын жашоосун катуу көзөмөлдөө жана алардын эркиндигин чектөө менен белгилүү. Айрыкча, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине карата жарандык укуктарын чектеген бир катар мыйзамдар кабыл алынган. 

2021-жылы өлкөдөгү автоунаалардын сырткы жана ички көрүнүшүнө талаптар күчөгөн. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, мамлекеттик мекемелердин бардык унаалары, анын ичинде автобустар, микроавтобустар, жеңил унаалар, почта унаалары толугу менен ак түстө болушу керек. Унаалардын бардык сырткы бөлүктөрү, анын ичинде заводдук тетиктер ак түскө боелушу керек. Эгерде унаанын бир жеринде кара же башка түстөгү тетиктер болсо, техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк берилбейт. 

Бул сыяктуу тыюу салуулар жарандардын жеке укуктарына чейин жеткен. 

Мисалы, түркмөн аялдарына чачын, бетин боёоого, кирпик өстүрүп, тырмак жасатууга, пластикалык операциянын бардык түрүнө тыюу салынган. Бул чектөөлөр башында бир гана мамлекеттик органда иштеген аялдарга колдонулса, 2022-жылы бийлик алмашкандан кийин кызматына карабай бардык аялдарга карата иштей баштаган. Ал тургай кошумча тыюу салуулар киргизилген. Эми түркмөн аялдары денеге чапташкан кийим кие алышпайт, аларга унаа айдоого жана унаанын алдыңкы орундугуна отурууга болбойт. Бул талаптарга баш ийбеген аялдар полиция кызматкерлерине айып пул төлөп, үйүндөгү эркектер тарабынан сабалган учурлар кездешет.

Өкмөт тарабынан кабыл алынган чектөөлөр эркектерге да тиешелүү. Мисалы, алар 40 жаштан өткөндөн кийин ак баскан чачтарын боёото алышпайт. Көчөдө кол кармашып басууга болбойт жана башка. 

Жол тыгыны боюнча дүйнөлүк практика

Жол тыгындары Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн бир катар ири шаарларында, жада калса ар бир өлкөдө байкалып келе жаткан көйгөй. Маселени чечүү үчүн ар бир мамлекет өзүнүн жерине, жолдордун абалына жараша тийиштүү чараларды көрүп келет. Көп бөлүктүү айланма жолдорду куруп, унаа кыймылы көп болгон жерлерде атайын төлөмдөрдү киргизүү сыяктуу ыкмалардын жардамы менен күрөшүп келишет. Бирок азырынча эч бир өлкө жол тыгынан 100% арылды деп айтууга мүмкүн эмес. 

Жыйынтык: Жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектелиши мүмкүн экени айтылган. Бирок бул үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алынышы керек. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты